Кечээ, 24-июнда орун алган Уругвай-Италия беттешинде Уругвай жеңип, кийинки баскычка чыкты. Бирок уругвайлыктардын бул жеңиши талкуу майданында атаандашын тиштеген Луис Суарестин кылыгынын көлөкөсүндө калчудай. Учурда анын Жоржо Кьеллинини тиштеген жосунсуз жоругуна каршы пикир айткандар көп. ФИФАнын тиешелүү комиссиясы бул маселе боюнча олуттуу билдирүү жасай элек. Көпчүлүктүн пикири боюнча аны ФИФА мелдештен четтетиши керек.
Суарес болсо “Мындай нерселер айып аянтчаларында болуп турат. Биз ийиндерибиз менен түртүшүп, позиция ээлөө үчүн күрөшүп жатканбыз. Мени атаандашым көзгө чаап жиберди” деп сылык гана жооп кайтарды.
Кошумчалай кетсек, Суарес майданда үчүнчү ирет өз атаандашын тиштеп жатат. “Аякстын” курамында мындай эреже бузганда 8 оюнга, “Ливерпулдун” курамында кылганда 10 оюнга майдандан четтетилген. Катанын улам кайталанып жатканына байланыштуу ФИФА чара көрүп, жазаны күчөтүүгө тийиш.