Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычы акырындык менен жыйынтыкталууда. Чемпиондук үчүн болгон күрөш эми башталат. Ушуну эске алып, жарым чейрек финалга (1/8 финалга) чыккан командалардын өзгөчөлүктөрүнө токтолмокчубуз. Алгач кеп, албетте, үй ээси Бразилия тууралуу болот. Бразилия 4 жыл мурун эле алсыз болуп калганы, ири мелдештерде башкы фаворит саналбасы айтылган. Бразилиялыктар акырындык менен жаштардан турган күчтүү курамды түзүп, алгач 2013-жылы өткөн Конфедерация Кубогунда ийгилик жаратып, чемпион болду.
БҮГҮНКҮ БРАЗИЛИЯ КУРАМАСЫ
Капитаны: Тиаго Силва
Лидери: Неймар
Башкы машыктыруучусу: Луис Филиппе Сколари
Бомбардир: Неймар (3 оюн, 4 гол)
Бир сөз менен айтканда: “Бразилиянын азыркы курамында коргонуу өтө күчтүү. Башкы курамда ойнобогон коргоочуларыбыз да Европанын ири клубдарында ойнойт. Тилекке каршы, бизде анчалык күчтүү чабуулчулар жок. Мен мыкты чабуулду көргүм келген”. Пеле
ТАЙПАДАН ОҢОЙ ЧЫКТЫ
13-июнь. Бразилия - Хорватия - 3:1. Бразилия-Хорватия беттеши ачылыш аземинен кийин эле болду. Мелдештеги алгачкы оюнду ойноо, албетте, кыйын болот. Анын үстүнө бразилиялыктар мелдешти өз үйүндө кабыл алып жаткандан кийин мелдештин деңгээлин биринчи оюнда көрсөтүүгө тийиш эле. Хорватияга каршы оюнда “чырдуу пенальти оюнду бузду” деген ойлор айтылып, кийин токтоду. Бразилия 3 упай алып, андай кептерди кулак сыртынан кетирүү менен сапарын алдыга карай уланта берди.
17-июнь. Бразилия - Мексика - 0:0. Алгачкы оюнда “кылычынын мизин” көрсөтө албаган бразилиялыктардан күйөрмандар көптү үмүт кылышып, тайпадагы дагы бир фаворит Мексиканы утарын айтышкан. Атаандаштын жогорку чеберчилиги, тактикалык тапшырмаларды жетиштүү ойнобогону бул оюнда голдун кирүүсүнө жол берген жок. Натыйжада 2 команда тең чыгууга ыраазы болуп, эсептерине бирден упай жазышты. Бул оюн Бразилиянын тайпадан сөзсүз чыгарын айтып турган.
24-июнь. Камерун - Бразилия - 1:4. 2-турдун жыйынтыгында 4 упай топтогон үй ээлери тайпадан биринчи болуп чыгуу үчүн Камерунга каршы беттешти жеңүүгө тийиш эле. Көпчүлүк күткөндөй, футболдун мекенинде төрөлгөн уландар муну да ишке ашырып, 7 упай менен кийинки баскычка чыгышты.
ЧИЛИНИ ТОКТОТОБУ ЖЕ ӨЗҮ ТОКТОЙБУ?
1/8 финал
28-июнь. Бразилия – Чили
Бразилия өз тайпасынан биринчи болуп чыгып, кийинки баскычта “В” тайпасынан экинчи болуп чыккан Түштүк Американын өкүлү Чили менен кез келмей болду. Эми алар Чилини токтотушабы же өзүлөрү токтотулушабы? Чынында, бул суроонун жообун оюн учурунда гана ала алабыз. Себеби бул эки команданын тең жеңишке жетелей турган сапаттары бар. Андан тышкары "үй ээси жеңиши керек" деген мыйзам да жок. Мелдеш Түштүк Америкада өтүп жаткандыктан, Чили да өз үйүндө жүргөндөй ишенимдүү оюн көрсөтүүдө.