Футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында бүгүн, 25-июнда 1 оюн болот. Анда Кочкор-Ата шаарынын командасы “Нефтичи” өз үйүндө бишкектик “Дордойду” кабыл алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, беттеш 18:30да “Нефтичи” стадионунда өтөт.
Кошумчалай кетсек, лидерлик сапта келе жаткан “Дордой” 12 оюнда 31 упай топтой алган. Ал эми “Нефтичи” 10 оюнда 6 упай топтоо менен мелдеш жадыбалында 8 команданын ичинен 7-орунду ээлеп келүүдө.