Дүйнө чемпиондугундагы эл сүймөнчүктөрү: Тайпасындагы үч "пилге" кожоюндук кылган Коста-Рика

Кыргызстандык футбол сүйүүчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү европалык командалардын күйөрмандары. Андыктан Коста-Рика командасы тууралуу Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу башталганда гана уккандар бар. Коста-Риканын оюнчулары өз футболу менен элди таң калтырганга чейин гезит-журналдардын беттеринде да, футбол адистеринин оозунда да бул команданын аты аталган эмес. Эми алар чейрек финалдык жолдомого ээ болуп, дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурдура алышты.

Капитаны: Брайан Руис

Лидери: Брайан Руис, Жоэль Кэмпбелл

Башкы машыктыруучусу: Хорхе Луис Пинто

Кыскача айтканда: “Коста-Рика дүйнөнү таң калтырууга бел байлады. Биз тайпада оор командаларга туш келгенибизди эмес, Коста-Риканын жаңы тарыхын жазууну ойлондук. Андыктан мелдештен эрте четтеп калуу ниетибиз жок” Брайан Руис

ЕВРОПАЛЫК АЛПТАРДЫ ҮЙҮНӨ АЙДАДЫ

Коста-Риканын тайпадан биринчи болуп чыгарын көпчүлүк ойго албаса керек. Анткени бул тайпада Англия, Италия сыяктуу европалык алптар жана Уругвай курамасы бар болчу. ММКлар да 3 команданы пил кылып көрсөтүп, Коста-Риканын мүмкүнчүлүгүн эсепке алышкан эмес. Бул “пил чоң, бирок аны көлөмүнө карабай кожоюну башкарып алат” деген кептегидей көрүнүш болду. Себеби бул 3 команда өз ара атаандашып, Коста-Риканын эбегейсиз күч болуп чыкканын капарларына алышкан жок. Аны теңине албаган болуулары да толук мүмкүн.

14-июнь. Уругвай - Коста-Рика - 1:3. Коста-Рика үч упай үчүн болгон алгачкы кармашты Уругвайга каршы өткөрдү. Оюн эсебин алгач уругвайлыктар ачканы менен, калган бөлүктө оюн “бактылуу өлкөнүн” өкүлдөрү тарапта болду.

20-июнь. Италия - Коста-Рика - 0:1. Майдан үстүндө катуу кармаш болду. Эки команда тең чабуул уюштуруп жатты. Оюнда мүмкүнчүлүктү кармап, гол киргизген жалгыз команда Коста-Рика болду. Бул жеңиш менен алар тайпадан 1-орунду ээлеп чыгууну камсыздашты.

24-июнь. Коста-Рика - Англия - 0:0. Бул оюн эки команда үчүн тең чоң мааниге ээ эмес болчу. Англия мелдештен четтесе, тайпа лидери болгон команда эбак кийинки баскычтын жолдомосун алган. Жыйынтыгында Коста-Рика беттешке ыраазы болду да, карамагындагы упайлардын санын 7ге жеткирди. Ал эми Англия күйөрмандарын дагы бир ирет ирээнжитип мелдештен "учуп кетти".

ӨЗ ОЮНУНАН ТАЙБАСА, ЧЕЙРЕК ФИНАЛГА ДА ЧЫГАТ

1/8 финал

30-июнь. Коста-Рика – Греция

“D” тайпасында кийинки баскычка чыккан Коста-Рика “С” тайпасынын өкүлдөрүнөн Кот-Д`Ивуарды кийинки атаандаш катары күтүп жатышкан. Анткени африкалыктардын Грецияга каршы оюнунда алардын мүмкүнчүлүгү көп болчу жана тең чыгуу да аларга кийинки баскычтын жолдомосун алып бермек. Бирок күтүлбөгөн жерден Греция утуп, Дүйнө чемпиондугунда чоң ачылыш жасаган Коста-Риканын кийинки атаандашы боло алды. Эми бул беттеште Коста-Рика фаворит катары саналууда. Бирок Греция жылаңач колго багынчу команда эмес жана жеңиш ээсин айыгышкан күрөш гана аныктайт. Оюн 30-июнда болот. Биз тааныштырып өткөн команданын сапары канчалык узун болору ушул күнү чечилет.

ФУТБОЛЧУЛАР ӨЛКӨ БАШЧЫСЫН КӨЧӨГӨ "СҮЙРӨП ЧЫГЫШТЫ"

Коста-Риканын оюнчулары тууралуу көптөгөн кызыктар айтылды. Алардын ичинен төмөнкү көрүнүштөрдү назарыңыздарга коюуну туура көрдүк:

1. Жыныстык катнашка тыюу салынган. Оюнчулардын тайпалык баскычта жыныстык катнашка баруусуна тыюу салынган. Команда кийинки баскычка чыкса, бул чектөө токтотулмак. “Алар жыныстык катнашта болуу үчүн гана жарым чейрек финалга чыгууну мөөнөтүнөн мурда камсыздашты” деген тамашанын жөнү ушунда.

2. Президент жумушка 12де чыгууга уруксат берди. Коста-Рика алгачкы оюнда Уругвайды утуп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү артканда, өлкө президенти буйрук чыгарды. Буйрукта мамлекеттик кызматкерлер жергиликтүү саат менен эртең мененки 10:00дө башталган Италия – Коста-Рика беттешин түз эфирден көрүп алып, саат 12де жумушка чыкса болору жазылган.

3. Президент жеңишти көчөдө майрамдады. Коста-Рика дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп айтылат. Алардын бактысы артып, команда Италия курамасын да жеңип алды. Бул жолу президент жеңишти көчөгө чыгып, карапайым эл менен кучакташып майрамдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан