Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүнкү күндүн башкы беттеши Аргентина менен Нигериянын ортосунда болот

“F” тайпасы. 3-тур

Аргентина менен Нигериянын оюну тайпадан чыкчу командалардын орундарын так аныктап берет. Аргентина утса, 9 упай менен тайпадан биринчи орунду ээлеп чыгат. Нигериянын жеңиши же тең чыгуусу аны тайпадан сууруп чыгат. Эгерде Нигерия ири эсепте утулуп кала турган болсо, Иранда чоң мүмкүнчүлүк туулат. Себеби Иран Боснияны утуп алса, командалардын упай катыштыктары теңелет. Натыйжада, эреже боюнча, киргизилген жана өткөрүлгөн голдордун саны менен кийинки баскычтын ээси аныкталат.   

НИГЕРИЯ – АРГЕНТИНА

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты менен)

Стадион: Порту-Алегри шаары, “Бейра-Рио” стадиону

Калыс: Никола Риццоли (Италия)

БОСНИЯ – ИРАН

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Салвадор шаары, “Фонте-Нова” стадиону  

Калыс: Карлос Веласко Карбальо (Испания)“E” тайпасы. 3-тур.

Бул тайпада Гондурастын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Ал эми бул мүмкүнчүлүктөн Эквадор менен Швейцария пайдалана алат. Андыктан оюндар күчтүү болот. Себеби Швейцариянын Гондурасты жеңерине ишенген Эквадор болгон күчүн Франция менен болгон кармашка коротот. Ал эми Франция тайпадан 1-орунду ээлеп чыгууну эбак камсыздаган.   

ГОНДУРАС – ШВЕЙЦАРИЯ

Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Манаус шаары, “Амазония” стадиону

Калыс: Нестор Питана (Аргентина)

ЭКВАДОР - ФРАНЦИЯ

Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Рио-де-Жанейро шаары, “Маракана” стадиону

Калыс: Нумандьез Дуэ (Кот-д`Ивуар) 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан