Дүйнө чемпиондугундагы эл сүймөнчүктөрү: Тажрыйба менен жаштыкты айкалыштырган Голландия (фотолор)

Тажрыйбалуу насаатчы Луи ван Гал жетектеген Голландия - бул чемпиондуктун эң жаш курама командасы. Жалпы курамдын орточо жашы 23,1ди түзөт. Албетте, бул курамда тажрыйбалуу футболчулар да жок эмес. 2010-жылдагы Дүйнө чемпиондугундагы курамдан 4 оюнчу чакырылган. Алар: Робин ван Перси, Арьен Роббен, Уэсли Снейдер жана Найжел де Йонг. Башкы машыктыруучу Луи ван Гал өз командасынын оюнун дал ушул тажрыйбалуу оюнчулардын жана таланттуу, жаш оюнчулардын айкалышуусунда түзүп отурат. Бул команданын негизги өзгөчөлүгү болуп бекем коргонуу жана ыкчам каршы чабуул саналат.

Бүгүнкү Голландия курамасы:

Капитаны: Робин ван Перси  

Лидерлери: Робин ван Перси, Уэсли Снейдер жана Арьен Роббен

Башкы машыктыруучусу: Луи ван Гал

Бомбардирлери: Робин ван Перси (2 оюн, 3 гол), Арьен Роббен (3 оюн, 2 гол), Мемфис Депай (2 оюн, 2 гол). 

Урааны: “Чыныгы эркектер кызгылт сары кийишет”

ИСПАНИЯНЫ ООР НОКДАУНГА УЧУРАТТЫ

14-июнь. Испания-Голландия 1:5. “B” тайпасындагы Испания-Голландия беттеши бул мундиалда эң мыкты оюндардын катарына талашсыз кирет. Акыркы жылдары дүйнөнү дүңгүрөткөн Испанияга кантип туруштук бериш керек экенин ушул оюнда дал Голландия көргөздү. Бекем коргонуу жана чагылгандай бат уюштурулган “кызгылт сарылардын” чабуулдары чемпиондун коргоочуларынын таш талканын чыгарды. Жыйынтыгында 2ден гол киргизген Робин ван Перси жана Арьен Роббен Испанияны нокдаунга учуратты.

18-июнь. Австралия - Голландия 2:3. Чемпионду ири эсепте жеңүү менен өздөрүнө ишенимдерин арттырган Луи ван Галдын оюнчулары экинчи оюнда да мыкты физикалык даярдыгын көрсөтө алышты. Атаандаш команда Австралия алардан кем калбай ойносо да, баары бир жеңишти Голландия камсыздады. Ооба, себеби Робин ван Перси “кызгылт сарыларда” ойнойт.     

23-июнь. Голландия-Чили 2:0. 2-турдук оюндарда эле 1/8 финалга жолдомо алган эки команда тайпадагы биринчиликти өз ара оюнунда чечип алышты. Оюндун жыйынтыгын алмашууга чыккан жаш, чебер футболчулар Лерой Фер жана Мемфис Депай чечип коюшту. Жыйынтыгында Голландия 9 упай менен “B” тайпасында биринчиликти камсыздады.

ГОЛЛАНДИЯ ЧЕМПИОНДУККА БАШКЫ ТАЛАПКЕРБИ?

1/8 финал

29-июнь. Голландия – Мексика  

Көпчүлүк адистер Голландияны чемпиондукка башкы талапкер катары көрө башташты. Ооба, бул сөздөрдү негизсиз деп айтууга да болбойт. Бул мундиаль Голландиянын таланттуу үчилтигинин (ван Перси-Роббен-Снейдер) чемпион болууга акыркы мүмкүнчүлүгү. Алар бул мүмкүнчүлүктү колдоно алышабы? Такшалган тажрыйба менен энергиясы ашып-ташкан жаштыктын айкалышынын жыйынтыгы кандай болот? Жыйынтыгын плей-оффтук оюндар көрсөтөт. Алдыда алгачкы атаандаш. Мексика. Өткөрүп жибербеңиз... 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
rukopaWnik
2014-06-29 18:46:13
алга голандия
0
aitbek.06
2014-06-29 20:20:01
голандияга жениш каалайм
0
ayakosya
2014-06-29 22:32:01
Мага ким жениши айырмасы жок. Бразилияга куйормандык кылам . Бразилиянын фанаттары барбы я? Же мен эле жалгызмынбы??
-1
odin-takoy
2014-06-30 00:04:36
ayakosya, мен бар
0
Guli.K.E.
2014-06-30 15:18:06
ayakosya, мен сиз мененмин ))) Бразилия АЛГААА АЛГАА Неймар СУПЕР !!!
0
odin-takoy
2014-06-30 00:06:32
Нидерланды голландия бирби
-1
elgiz0890
2014-06-30 00:16:40
мен германиянын фанатымын ошон учун галандияга жон гана ийгилик
+1
NurbekKG
2014-06-30 00:55:28
Алга Нидерланды ( Голландия)! Мен 2010-жылы да күйөрмандык кылганмын, а быйыл чемпион болушуна ишенемин. Голландия Нидерландыдагы эң негизги 2 облустардын аталышы ( Түндүк жана Түштүк Голландия, бул облустарда борбор шаары Амстердам, Гаага, Роттердам жана Женева сыяктуу шаарлары жайгашкан).
+1
kleine
2014-06-30 01:01:02
NurbekKG, Женева Швейцариядагы шаар.
+1
odin-takoy
2014-06-30 02:11:21
NurbekKG, рахмат
0
asiia03
2014-06-30 02:48:29
Nederland holland jeri kooz, eli da abdan kichi peiul, suikor kelishet. Jerinin kopchylyk bolygyn syy kaptap tyrat.Kalkunun sanu 16 mil-don ashat.Ar tyrlyy tyrkyn gyldor, sur, jashulcha j.b chet mamileketterge exportolyp tyrat. Jeri bizdin kyrgyzstandan aiabai ele kichine birok bai mamleket. Men Hollanddu koldoim.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан