Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Мессинин 2 голу менен Аргентина тайпадан биринчи болуп чыкты

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда “F” тайпасында да күрөш аяктап, кийинки баскычка чыга турган командалар аныкталды. Алар өз ара ойногон Аргентина менен Нигерия болушту. Буга чейин белгиленгендей, бул командалардын ичинен Аргентина тайпадан биринчи болуп чыгууну дээрлик камсыздаган. Ал эми Нигериянын кийинки баскычка чыгары ушул тайпадагы Иран менен Босниянын оюнунун негизинде аныкталмак. Ал оюн босниялыктардын пайдасына чечилди.

Аргентина менен Нигерия беттеши өтө айыгышкан мүнөздө өттү. Алгач түштүк америкалык команданын лидери Лионель Месси оюн башталганда гол киргизип, командасын алдыга чыгарды. Нигериялыктар болсо 1 мүнөт өткөрбөй жооп кайтарышты. Оюндун биринчи бөлүгү жыйынтыкталар алдында Месси стандарттык абалдан эсепти өзгөртүп, өзүнүн экинчи голун киргизди. Бул жолу да нигериялыктардын курамынан Муса айырмаланып, эсепти теңеди. Бирок эсептеги тең салмактуулук 3 мүнөткө созулуп, аргентиналыктар жеңиш голун жаратышты.

НИГЕРИЯ – АРГЕНТИНА – 2:3

Голдор: Месси (4-мүнөттө), Муса (5-мүнөттө), Месси (45+1), Муса (48-мүнөттө), Рохо (51-мүнөттө)

БОСНИЯ – ИРАН – 3:1

Жеко (24-мүнөттө), Пьянич (59-мүнөттө), Гооханнеяд (82-мүнөттө), Враньеш (84-мүнөттө).  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aisuluu7
2014-06-26 08:44:01
Соонун оюун болду... анан да Мессинин голдору...
0
NUR_SULTANALIEVA
2014-06-26 11:30:58
Messi supperda
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан