Бүгүн, 26-июнда Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 3-тур оюндарынын алкагында “G” тайпасында Германия менен АКШ курамалары кез келет. Бул беттешти өзбекстандык калыс Равшан Ирматов тейлейт. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, өзбекстандык калыска капталдагы сызыктарда Абдухамидулло Расулов (Өзбекстан) менен Бахадыр Кочкаров (Кыргызстан) көмөк көргөзүшөт.
Кошумчалай кетсек, Ирматов жетектеген бригада бул жолку мундиалда үчүнчү ирет кызмат алууда. Буга чейин алар Эквадор-Швейцария жана Хорватия-Мексика беттештерин тейлешкен.