Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Криштиану Роналду бүгүн мелдеш менен коштошушу мүмкүн

Бүгүн, 26-июнда Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун “G” жана “H” тайпаларындагы оюндар менен тайпалык баскыч жыйынтыкталат. Мелдеш менен кайсы командалар коштошору, кайсы командалар сапарын мындан ары улантары ушул күнү белгилүү болот.

G” тайпасы. 3-тур

“G” тайпасында күрөш акыркы турга чейин жүрүп жатат. Бул тайпада төрттөн упай топтогон Германия менен АКШ өз ара кездешсе, бирден упайга ээ болгон Гана менен Португалия беттешет. Андыктан бүгүнкү оюндардын жыйынтыгында тайпадан биринчи болуп чыкчу команда белгилүү болот. Андан тышкары мүмкүнчүлүгү өтө аз болсо, көпчүлүк коштошкусу келбей жаткан Португалия курамасы акыры мелдеш менен коштошушу мүмкүн. Криштиану Роналду лидерлик кылган команданын тайпадан чыгуусу кереметке гана байланыштуу десек болот.  

АКШ - ГЕРМАНИЯ

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Ресифи шаары, “Арена Пернамбуку” стадиону  

Калыс: Равшан Ирматов (Өзбекстан)

Калыстын жардамчылары: Бахадыр Кочкаров (Кыргызстан), Абдухамидулло Расулов (Өзбекстан)

ПОРТУГАЛИЯ - ГАНА

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Бразилиа шаары, “Улуттук” стадиону  

Калыс: Абдулла Шукралла (Бахрейн)

 

H” тайпасы. 3-тур

Бул тайпада Бельгия курамасы тайпада чыгууну камсыздаган. Ал эми калган 3 командада тең тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок мунун баары бири-биринин жыйынтыктарынан көз каранды. Негизи, экинчи жолдомонун ээси Алжир-Орусия беттешинде чечилиши керек. Бул оюнда жеңген команда кийинки баскычка чыгат. Ал эми тең чыгуу африкалык команданын пайдасына чечилмекчи.   

ТҮШТҮК КОРЕЯ - БЕЛЬГИЯ

Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Сан-Паулу шаары, “Арена Коринтианс” стадиону  

Калыс: Бенжамин Уильямс (Австралия)

АЛЖИР – ОРУСИЯ

Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Куритиба шаары, “Арена Байшада” стадиону  

Калыс: Гүнейт Чакыр (Түркия)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
boztalaa
2014-06-26 11:24:34
Кудайдан болуп Португалия утуп калса экен
+3
nurando
2014-06-26 11:48:23
Роналдо
-2
forvard
2014-06-26 11:54:23
Менимче бул мундиал Америкалыктар учун.Германия АКШ чыгатко плей офко
+1
Danel
2014-06-26 13:54:28
Роналдо чыгат буйурса,
-2
Dieza
2014-06-26 16:03:13
boztalaa сенин айтканына толук кошулам.
Алга Португалия!!!
0
rukopaWnik
2014-06-26 18:01:55
россия алга алга акыркы үмүтүм кержаковдон ,и загоевден
-1
ulukbek
2014-06-26 18:15:47
порту чыгат буйурса аллфх озу жардам кылсын
+1
WINNER
2014-06-26 21:31:49
Португалия эки кадам алдыда барататго дейм.
0
Ayperi94
2014-06-26 23:55:11
Кудай сактай кор менин суйуктуу футболчумду жана анын командасын ... КРИШТИАНУ РОНАЛДУга ишенем командасын жана мени уяат кылбашына.
0
Egen.Osh
2014-06-27 01:05:32
Урааа !!!Португалия калганын уйуно барып корот,Германия США алга !!!
0
Ayperi94
2014-06-27 07:14:16
Ураааааа португаля женди!!! Криштиану Роналду мен сени суйом! Молодец !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан