Алжирдин Футбол федерациясы футболчуларды шыктандырып, Орусияны жеңе турган болсо, ар бир футболчуга 50 миң евродон убада кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Кошумчалай кетсек, эгер Алжир Орусияны утуп алса, мелдештин кийинки баскычына чыгат. Беттеш Бишкек сааты боюнча 02:00дө башталат.