Чүй облусунда “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Чүй облусунда “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-июнда кабарлады.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери келип түшкөн маалыматтын негизинде Чүй облусунун Чүй районунун Дөң-Арык айылынын 2 тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Иш-аракеттердин жыйынтыгында аталган айылдын 39 жана 41 жаштагы тургундарынын үйлөрүнөн экстремисттик маанайдагы материалдар табылган. Иликтөөдө аталган эки жаран “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы белгилүү болгон.

Аталган фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан