Кечээ, 25-июнда Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында (угуусу жана көрүүсү начар) шахмат боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, анда 46 катышуучу катталып, өз ара жеңүүчүлөрдү аныкташты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр тиешелүү сыйлыктарын алышты.
Уландар арасында угуусу начар жарандар арасында жеңиш ээси Эдуард Ким болсо, кыз-келиндер арасында Фарида Бримкулова менен Алина Калмуратова жеңишке жетишишти. Ал эми көрүүсү начар жарандар арасында Темирлан Өмүрбеков 1-орунду ээлесе, бул топтогулардан кыз-келиндер арасында Салина Абдыкадырова алдына киши салган жок. Жаштар арасында Таалай Жолдошбеков жеңүүчү аталды.