Атаандашын тиштеген Луис Суарестин 4 ай футбол ойноосуна тыюу салынды

ФИФАнын Дисциплинардык комитети атаандашын оюн учурунда тиштеген уругвайлык футболчу Луис Суарести күнөөлүү деп таап, тиешелүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Суарестин Уругвай курама командасынын 9 расмий оюнуна катышуусуна тыюу салынды. Ошондо ал Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында боло турган Колумбия – Уругвай беттешине да катыша албайт. Ошондой эле футболчунун футболдук ишмердүүлүгүнө 4 айга чектөө коюлду. Чыгарылган чечимге ылайык, 4 ай ичинде Л.Суарес бир дагы футболдук стадиондо боло албайт. Бул мөөнөт өткөнгө чейин ал Уругвай курама командасынын оюндарын да трибунада көрүү укугуна ээ эмес. Андан тышкары "жырткыч футболчу" 82 миң доллардан ашык айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
WINNER
2014-06-26 21:42:21
Тайсон экоону кулак тиштешууго рингге салса болчудай.
+2
Desmond
2014-06-26 22:37:27
WINNER, )))
0
bmv.x6
2014-06-27 01:38:52
ал торт айга эмес 8 9 играга катышпайт деп орустардын жанылыктарында корсотуп жатат го ??
0
Krasnyi.kg
2014-06-26 22:37:47
тайсон муну тиштеп жеп койотда
+1
lampard8
2014-06-27 00:07:18
Ммм эркекго)))
0
Egen.Osh
2014-06-27 00:58:00
Анын тиштектигине карабай,контракт тузобуз деп камданып жатат БАРСЕЛОНА !!!
0
new_hacker
2016-06-21 18:09:31
Артист
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан