Бразилиядагы Дүйнө биринчилигинде кийинки баскычка чыга турган 16 команда иргелди. 16 кураманын ичине КМШ өлкөлөрүнөн катышып жаткан жалгыз команда Орусия кирбей калды. 26-июндан 27-июнга оогон түнү орун алган беттеште Алжир мелдештин кийинки баскычына чыккан 2 африкалык команданын бири болду (бири Нигерия).
Бардыгы Орусиянын колунда болчу. Эгер Орусия жеңишти камсыздаса, эч кандай маселе жок кийинки баскычка чыкмак. Бирок эрте гол киргизүү менен беттештин башында эсепте алдыга чыккан орусиялыктар оюндун экинчи жарымында демилгени тарттырып жиберишти.
Эми бул оюндардын жыйынтыгы менен тайпадан биринчи болуп чыккан Бельгия “G” тайпасынан экинчи орунду ээлеп чыккан АКШ курамасы менен кез келет. Алжир болсо Германияга туш келет.
“Н” тайпасы
АЛЖИР – Орусия – 1:1
Голдор: Кокорин (6-мүнөттө). Слимани (60-мүнөттө).
ТҮШТҮК КОРЕЯ - БЕЛЬГИЯ – 0:1
Гол: Ян Вертонген (78-мүнөттө).