11-июлда Американын Индио шаарында (Калифорния штаты) кыргызстандык мушкер Тимур Шайлезовдун кезектеги беттеши орун алат. Бул жолу анын атаандашы мексикалык Пелон Руиз болот. Бул тууралуу “Kyrgyz Club” Эл аралык бирикмесинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Пелон Руиз буга чейин 15 беттеш өткөрүп, 12 жеңиш камсыздаган жана 3 ирет жеңилүүгө мажбур болгон. Ал эми бул беттеш Тимурдун профессионалдык рингдеги үчүнчү кармашы болот. Беттеш 58 килограмм салмактык бөлүктө өтөт.