Чүйдө сууга чөгүп кеткен кыз куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 26-июнда Аламүдүн районунда КРнын ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары ГЭС-5 көлүнө түшүп жатып чөгүп кеткен Маевка айылынын жашоочусу, 1993-жылы туулган Айсулуу аттуу кызды суудан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында Айсулуунун өмүрү сакталып калган.