3-тур оюндары толугу менен жыйынтыкталып, мелдештин кийинки баскычына чыга турган 16 команда белгилүү болду. Мелдеште айрым командалардын ачык футбол ойноп жатканы көптөгөн жыйынтыктарга таасирин тийгизди. Антсе да кайсы бир команданын мелдештен чыгып калганы күйөрмандарды көп кейитпесе керек. Анткени голго бай, көзгө толумдуу оюндар эч кимди кайдыгер калтырбайт.
Назарыңыздарга тайпалык баскычтын жыйынтыгына карата бомбардирлер тизмесин коёбуз. Азырынча бул тизмени германиялык Томас Мюллер, аргентиналык Лионель Месси жана бразилиялык Неймар тизгиндеп келишүүдө.
4 гол киргизген футболчулар:
- Лионель Месси (Аргентина)
- Томас Мюллер (Германия)
- Неймар (Бразилия)
3 гол киргизген футболчулар:
- Карим Бензема (Франция)
- Эннер Валенсия (Эквадор)
- Робин ван Перси (Голландия)
- Арьен Роббен (Голландия)
- Хамес Родригес (Колумбия)
- Жердан Шакири (Швейцария)