Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Тайпалык баскычта утуп чыккан 16 команда

Бул жолку футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу көп кызыктарга бай болууда. Ири эсептер, күтүлбөгөн жыйынтыктар жана европалык футбол державаларынын мелдештен "учуп кетиши" анын өзгөчөлүгүнөн кабар берсе керек. Кыскасы, "футбол карнавалы" деген тамашалуу аталышты алып жүргөн биринчилик күйөрмандардын толук купулуна толуп жатат.

27-июнга караган түнү болгон оюндардын жыйынтыгында тайпалык баскыч жыйынтыкталып, мелдештин кийинки баскычына чыккан (1/8 финал) 16 команда белгилүү болду. Ушул баскычтан баштап мелдеш чоң “согуш майданына” айланат. Анткени утулган ар бир команда мелдештен “ыргып” кетет. Ошондой эле 1/8 финалдан тартып футболчулардын киргизген голдору кымбатка бааланып, командалар анык жеңиштин даамын же жеңилүү ызасын татышат.

Бул тепкичтеги утулуу коркунучун эске алып, көптөгөн күйөрмандар атаандаш командага сүр көрсөтүү максатында “Тозокко кош келдиңиз!” деген чакырыкты колдоно башташат. Биз 16 команданы тайпадагы жеңиштери менен куттуктап, марада күлүктү тосуп чыккан саяпкердей кубанычтуу тосуп алмакчыбыз...  

                                        Мелдеш жадыбалы менен таанышып алыңыз 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nurkasym-2014
2014-06-27 13:33:46
Эми кызыктын баары башталат.
+1
malik.87kg
2014-06-27 20:45:18
Неймар алга бразиля чемпиен болот
0
ulukbek
2014-06-27 23:03:26
франсия же голландия чемпион буйурса
0
lolalola
2014-06-28 02:04:54
ulukbek,
Franciany 1/4 chetvert'finalda Germaniya utup, Germaniya 1/2 polufinalga chygat
0
odin-takoy
2014-06-28 00:14:12
Бразиоя чемпион
0
ramis1
2014-06-28 01:59:55
коста рика финалда
0
lolalola
2014-06-28 02:01:37
Final: Holland - Deutschland
Deutschland utup chempion bolot!!!
0
myshka406
2014-06-28 10:31:08
бразилия-чемпион!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан