Орусиянын спорт министри команданын тайпадан чыкпай калганын жоготуу деп эсептебейт

Орусиянын спорт министри Виталий Мутко команданын тайпадан чыкпай, мелдештен четтеп калганын жоготуу деп эсептебейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

"Команда ойнобой койду" деген сындарды айтпаш керек. Ооба, ката кетирдик, жыйынтыгы жаман болду. Орусия 12 жылдан бери Дүйнө чемпиондугунда ойногон эмес. Өз деңгээлибизди көрдүк, тажрыйба алдык. Алжирдин бир топ оюнчулары Европанын алдынкы клубдарында ойношот. Бизде андай оюнчулар жок",- деп билдирген Мутко.

Кошумчалай кетсек, Орусиянын мелдештен четтеп калганы учурда көп талкуу жаратууда. Спорт министринин мындай ойлонгону кызмат ордунан айдалып кетиши мүмкүн болгон башкы машыктыруучу Фабио Капеллого жакса керек. Ал Орусия курамасы менен мындан ары иштешүүгө даяр экенин билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zman53
2014-06-27 13:43:52
Башка эмнени айтмак эле.СССРдин курама командасындай команда тузууго,СНГ да бир дагы мамлекеттин эрки жетпей жатат.Карагылачы Африка,Азия олколору кандай онугуп келе жатат.
0
ulaAjidar
2014-06-27 13:57:46
Россия фудболдон жок озу,канча аракет кылса дагы чыга албайт....
0
Ali.12
2014-06-27 16:16:03
Озу Орустар ар бир футболисине 10 млен евродон ашык толоп жатса ким эвропага барып аз акчага ойносун ,оз уйундо коп толоп жатса ,Россия пример лигасы слабый ошон учун оюнчулары да слабый ,
0
91mele
2014-06-28 01:37:37
кыргызстанда утат жакшы ойносо рассияны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан