Индияда газ түтүгү жарылып, 16 адамдын өмүрүн алып кетти

Индиянын Андхра-Прадеш штатында газ түтүгү жарылып, анын кесепетинен 16 адам бул жарыкчылык менен коштошсо, 15 адам денесинен ар кандай даражадагы күйүктөрдү алды. Мындан сырткары 50 турак жай толугу менен өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, газ түтүгү эскилиги жеткендиктен улам жарылган. Бул кырсыкка жергиликтүү калк бийлик өкүлдөрүн күнөөлөшүүдө. "Бул газ түтүгүн эбак эле дат басып кеткен. Ал көрбөйм деген адамга да даана байкалып турчу",- дейт жергиликтүү калк. 

Учурда жергиликтүү бийлик элди жакынкы айылдарга көчүрүүдө. Келтирилген чыгымдын суммасы эсептелип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан