Атаандашын тиштеп, 4 айга футболдон четтетилген футболчу Луис Суарести Бразилиянын полициясы курама жайгашкан жайдан алып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, 4 айга футболдук ишмердүүлүгү чектелген футболчунун каттоо күбөлүгү да ФИФА тарабынан тартылып алынган. Футболчу айласыз өз мекенине барганда аэропорттон көптөгөн күйөрмандар тосуп алышканы айтылууда. Бирок тартип сакчыларынын курчоосунда түшкөн Суарести өз мекенинде элдер кандай маанайда тосуп алганы белгисиз. Ал эми Л.Суарестин чоң энеси Лила Пирис Да Роса болсо небересине ФИФА тарабынан жасалган мамилеге нааразы экенин билдирген. “Баары билет, Луиске ФИФА кандай мамиле кыларын. ФИФАдагылар аны мелдештен четтетүүнү мурунтан каалап келишкен. Биринчи мүмкүнчүлүктөн алар муну да ишке ашырышты. Луиске итке жасагандай мамиле кылып, аны мелдештен сүрүп чыгарып коюшту”,- дейт ал.