Бүгүн, 28-июнда Бразилияда алгачкы чейрек финалдар орун алат. Анда Түштүк Американын 4 өкүлү өз ара кез келишет. Алгач үй ээси Бразилия мелдештин көрүнүктүү өкүлү Чили менен беттеш өткөрөт. Андан кийин Уругвай менен Колумбия майданга чыгат. Футбол сүйүүчүлөрүн ойго салган жагдай бүгүнкү оюндардын жыйынтыгында айласыз түштүк америкалык 2 команданын мелдештен четтеп кала турганы болууда. Бул континентте ар бир команда европалыктардан айырмаланып чемпиондук үчүн ойноп жатышат. Демек, эч биринин оңой утулуп берүү ниети жок. Андыктан кызык оюн болоруна кепилдик бар.
Оюндар:
БРАЗИЛИЯ – ЧИЛИ
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Белу-Оризонти шаары, “Минейран” стадиону
Калыс: Ховард Уэбб (Англия)
КОЛУМБИЯ – УРУГВАЙ
Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Рио-де-Жанейро шаары, “Маракана” стадиону
Калыс: Бьорн Кейперс (Голландия)