Жайкы трансферлер-2014: Криштиану Роналду “Реалдын” жетекчилигинен Радамель Фалькаону сатып албоону суранды

Адатта, июнь айынан кийин бир катар футболчулар башка клубдардын чакырыктарына жооп кайтарып, келишим түзгөнгө жетишишет. Бул жылы Колумбиянын жана франциялык “Монаконун” чабуулчусу Радамель Фалькаонун мадриддик “Реалдын” курамына кошулары айтылып, жылдын башкы трансфери катары күтүлүп жаткан. Бирок бул трансфер мадриддик клубдун лидери Криштиану Роналдунун суранычы менен ишке ашпай калганын учурда чет элдик маалымат булактары талдап жатышат. 

Маалыматка ылайык, “Реалдын” президенти Флорентино Перес К.Роналдунун сунушун ойлонуп көрүп, Радамель Фалькао менен Луис Суарести сатып алуудан баш тарткан. Себеби жетекчи Криштиану Роналдуга күчтүү атаандаштык түзүп, аны кошумча басым алдында калтырбоо чечимине токтолгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rukopaWnik
2014-06-30 12:14:52
Туура чечим чыгарган.
0
fanatkg
2014-06-30 12:19:51
rukopaWnik, менда кошулам.
0
nurando
2014-06-30 13:03:47
Роналду супер
0
Danel
2014-06-30 15:12:25
Бул жалган соз,эгер Роналдо суранган чактада антип ачыка чыгарбайт,бул деген просто коро албагандардын чыгарган кеби!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан