Италия курама командасынын коргоочусу, уругвайлык футболчу Луис Суарес ийинин тиштеп алган Жоржо Кьеллини өз оюн билдирди. Ал Л.Суарести 4 ай футболдон четтеткен ФИФАнын чечимине каршы экенин айтканын бүгүн, 28-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
“Мен азыр Луис Суарес жана анын үй-бүлөсү тууралуу гана ойлонуп жатам. Себеби алар жашоодогу эң татаал кырдаалга туш болушту. Мен жобо боюнча жаза берген органдардын ишин дайыма колдоп келгем. Бирок бул жолу Суареске берилген жаза өтө эле орой деп эсептейм. Үмүт кылам, бул жаза жеңилдетилиши керек”,- дейт жабыр тарткан футболчу.