Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бразилия Чилини пенальтилер сериясында утуп, чейрек финалга чыкты (фоторепортаж)

Бүгүн, 28-июндан 29-июнга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун алгачкы чейрек финалчысы аныкталды. Бул жолдомону Бразилия курама командасы Чилини пенальтилер сериясында утуу менен илип кетти (3:2). Ал эми оюндун негизги убактысы 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкталды.

Голдор: Давид Луис (18-мүнөт), Алексис Санчес (31-мүнөттө).

Оюндун мыкты деңгээлде болгонунан шек санап болбойт. Алгачкы мүнөттөрдөн тарта Чили да, Бразилия да кооптуу кырдаалдарды жарата алышты. Үй ээлеринин Бразилияга каршы анык чабуулга ыкталган тактика менен ойноодон сестенгени байкалып турду. Ошол себептүү топ көзөмөлдөөдө негизги убакытта Чили алдыда болду. Мындай оюндарда бир гана ката көп нерсени чечет эмеспи. Бразилиялыктарды атаандаштарынын катасы көп күттүргөн жок. Оюндун 18-мүнөтүндө кезектеги стандарттык абалда Давид Луис дарбазага топту таамай багыттады. Ал эми эсепти теңеген голду Алексис Санчес киргизди. Көпчүлүк болжогондой эле Чили оюндун экинчи бөлүгүнүн соңунда баштагы оюнун көрсөтө албай калды. Бирок оюн акырына чейин уланды. Негизги убакыт тең чыгуу менен аяктап, жеңүүчүнү аныктоого командалар дагы 15 мүнөттүктөн 2 тайм алышты. Бул убакыт да тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Ал эми пенальтилер сериясында бразилиялык 2 футболчу гол киргизе алган жок. Чилинин 2 оюнчусунун тобун дарбазачы Жулио Сезар тосуп алды. Дагы бир топ дарбаза тулкусуна таамай багытталган жок. Ошентип, Бразилия кийинки баскычка чыкты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
lotte
2014-06-29 01:42:41
Браво Чили! Браво К.Браво! Татыктуу оюн корсотушту!
+2
NurbekKG
2014-06-29 01:46:34
Бразилия бул кетиште финалга жетпей калат го...
0
boztalaa
2014-06-29 01:54:55
Чи чи чили чилии болбой калды каап окунучтуу.
0
danok88
2014-06-29 04:53:19
даааааааааа чили мыкты ойноду
+1
ayakosya
2014-06-29 07:31:16
Хахаа баары бир Бразилия женди да ! Бразилия чемпион!
+1
nurkasym-2014
2014-06-29 08:24:50
Убакыт корсотот. финал жакындаган сайын командалар да сурдой баштады корунот.Айыгышкан кыл чайнаштар али астыда.
0
nooken.kg
2014-06-29 09:14:32
Ушул оюнду, оюн десе болот. Тынымсыз чабуулдар, ото кооптуу соккулары менен башка оюндардан, айырмаланды.
0
Bolo2
2014-06-29 09:59:13
Оюн ото кызктуу жана ото кооптуу отуп жатат. Ким чемпион болот ? деген суроого жооп бериш кыйын болуп жатат. М: Бразилия аран утту Чилини...
0
kuba01
2014-06-29 10:59:34
oto kyZyktuu oiun boldu!
+1
kumushbek.kuttubekov
2014-06-29 12:28:21
аз жерден Бразилия утулуп кала жаздады!
0
Begimkyz
2014-06-29 18:50:56
Мага да аябай жакты бул оюн, акыркы муноттордо шаштым кетип калда. Бразилия утканда секирип, кол чаап жибердим... Азаматсынар!!!
+1
bossmos7
2014-06-29 22:35:45
Чили татыктуу оюн корсотту! Оюндун акырына чейин тынымсыз чаабул жасап,мыкты коргонду.Кээ бир олконун курама оюнчуларына салыштырганда.
0
Шаиста Шатманова
2014-06-30 12:30:28
Оюндун ылдамдыгы укмуш болду. Негизи пенальтиге барып такалуу эки каманда үчүн тең аянычтуу көрүнүш экен. Экөө тең жанталашып ойноду. Пенальти болсо... лотерея сыяктуу. Ошентсе да Жулио Сезар үчүн өзгөчө кубандым. Азамат жигит!
0
Шаиста Шатманова
2014-06-30 12:31:23
Ооба, жогорудагы комменттерге кошулам. Эгер Чили эмес, немистер же голландиялыктар менен ойносо бразилиялыктардын абалы кандай болор эле деген ой жаралды.
0
Guli.K.E.
2014-06-30 15:20:27
Бразилия ЧЕМПИОН и точка)))) Неймар СУПЕР!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан