28-июндан 29-июнга караган түнү экинчи түштүк америкалык командалардын оюнуна күбө болдук. Алгач үй ээси Бразилия Чилини утса, андан кийинки беттеш Уругвай менен Колумбиянын ортосунда болду. Албетте, көпчүлүк күткөндөй, чейрек финалдык жолдомо Колумбияга тийди.
Оюнда Колумбия чабуул коюу демилгесин колго алып, оюндун эки бөлүгүндө тең Хамес Родригес айырмаланды. Чынында, Луис Суарес жок уругвайлыктар мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууда бир топ кыйналганын айтпасак болбойт.
Колумбиянын чейрек финалдагы атаандашы Бразилия болот. Бул командалардын ортосундагы оюн 5-июлда өтөт.
Колумбия – Уругвай - 2:0
Голдор: Хамес Родригес (28-мүнөттө), Хамес Родригес (50-мүнөттө).