Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалында бүгүн, 29-июнда 2 беттеш орун алат. Чейрек финалдык жолдомо үчүн Голландия менен Мексика, Коста-Рика менен Греция кез келет. Азырынча бул 4 команданын ичинен кийинки баскычка чыга турган команданын атын атоо мүмкүн эмес. Андыктан майдандагы күрөш менен командалар өз дареметтерин көрсөтүп беришмекчи.
ГОЛЛАНДИЯ - МЕКСИКА
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Форталеза шаары, “Кастелан” стадиону
Калыс: Педру Проэнса (Португалия)
Командалар тууралуу: Голландия - тайпадан мүмкүн болгон 9 упайды алган саналуу курамалардын бири. Мелдештин жүрүшүндө бир дагы жеңилүү жана тең чыгууну биле элек. Азырынча мелдештин эң көп гол жараткан командасы катары белгилүү (11 гол). Ал эми өзүнүн командалык оюну менен айырмаланган Мексика тайпада 7 упай топтогон. Үй ээлери Бразилия менен айыгышкан беттеште тең ойногондугу үчүн (0:0 эсебинде) аны башкы талапкерлердин катарына кошкондор да пайда болгон.
КОСТА-РИКА - ГРЕЦИЯ
Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Ресифи шаары, “Арена Пернамбуку” стадиону
Калыс: Бенжамин Уильямс (Австралия)
Командалар тууралуу: Греция тайпадан чыгууну 3-тур оюндарында ишке ашырды. Мелдештин бул баскычына чыккан командалардан айырмаланып, эки гана гол киргизе алган. Эки гол менен ушул баскычка жеткен Греция коргонууда ойноп, мыкты каршы чабуул уюштурууга жөндөмдүү команда. Ал эми тайпада Англия менен Италияны артта калтырган Коста-Рика менен Грециянын оюнунда анча чоң айырмачылык жок. Түндүк америкалык бул команда да атаандаштын катасынан кармап, каршы чабуул уюштурат.