Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: 1:0 эсебинде утулуп жаткан Голландия 4 мүнөттө 2 гол киргизип, Мексиканы утуп алды (фоторепортаж)

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалдык оюндарында (1/8 финал) бүгүн, 29-июндан 30-июнга караган түнү Мексика менен Голландия кез келди. Бул командалардын жакшы даярдыкта экени тайпалык баскычтагы оюндарда байкалган. Бул жолу да командалар 90 мүнөт бою ошол сапаттарын көрсөткөнгө аракет кылышты. Голландия көнүп бүткөн каршы чабуулун арты-артынан уюштуруп жатты. Ал эми Мексика чабуулду коргонуудан баштап, топту каршы дарбазага чейин сүрүп барып жатты. Бул оюнга үстүртөн токтоло турган болсок, голландиялыктар  футболдогу “come back” (кыргызчага “кайтып келүү” деп которулат) түшүнүгүн эл эсине салышты. Анткени оюндун экинчи бөлүгүндө атаандаштардын гол киргизүүсүнө жол берген футболчулар оюндун аягында алгач эсепти теңеп, оюнду баштапкы тең чыгуу калыбына кайтарышты жана көп өтпөй чечүүчү голду да жаратканга жетишишти.

Кошумчалай кетсек, голландиялыктарга жеңиш алып келген гол пенальтиден киргизилди. Бирок кагылышууда пенальти коюп берген калыстын пикирине мексикалыктар кошулган жок. Бул пенальти алдыдагы күндөрдө көптөгөн талкууларды жаратышы мүмкүн. Эмнеси болсо да бул күн чейрек финал ээсин аныктап берди. Кош, Мексика, төргө өт, Голландия!   

Голдор: Дос Сантос (48-мүнөттө), Снейдер (88-мүнөттө), Хунтелаар (90+4, пенальтиден).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
asiia03
2014-06-30 00:28:58
Holland, Holland. Aitum bele Holland
0
NurbekKG
2014-06-30 01:00:05
Алга Нидерланды!
0
lolalola
2014-06-30 02:44:45
Penalti tuura berildi dep tv dan aityp jatat, kerek bolso 1 taimda da Niderlandyga 1 penalti berilish kerek bolchu eken, any sud'ya korboi kalgan eken...
Oshonduktan baary tuura, ech kandai talkuu bolboit berilgen penalti jonundo...
Final: Germaniya - Niderlandy
0
Somalimogadishu
2014-06-30 02:50:45
"Летучие голландцы"
Алга!!!!
0
beka88
2014-06-30 08:21:35
роббен красавчик эн зор ойноду!
0
ayakosya
2014-06-30 08:39:31
Укмуш оюн болду
0
JrDosSantos
2014-06-30 08:58:57
Уэсли Снейдер.
0
Evrazia.
2014-06-30 09:59:43
Робен артистигин коргозду акыркы мунотордо. Ал эми 11м келсек даана так коргозулду таза ойун болчу атин ойунду да бузушту.
0
Шаиста Шатманова
2014-06-30 12:23:01
Укмуш эле оюн болду. Голландиялыктар 4 мүнөттө абалды 180 градуска өзгөртө алышты. "Снейдер формада эмес", "өзүн көрсөтө албай жатат"... деген өңдүү сындар көп айтылып жатты эле, бул ирет ишке жарады.
+1
Bolo2
2014-06-30 13:59:00
Бали кызыктын баары алдыда али, 1/4 финал мынданда кызыктуу болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан