Бүгүн, 30-июнда Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалдык оюндарына чыккан эки гана команда бар. Бүгүн алардын мелдештеги тагдыры чечилет. Алжир командасы Германияга каршы ойносо, Нигериянын оюнчулары франциялыктарга каршы турушат.
Оюндар:
ФРАНЦИЯ – НИГЕРИЯ
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Бразилиа шаары, “Национальный” стадиону
Калыс: Марк Гейгер (АКШ)
ГЕРМАНИЯ – АЛЖИР
Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Порту-Алегри шаары, “Бейра-Рио” стадиону
Калыс: Сандро Риччи (Бразилия)