2 жолку Олимпиада чемпиону Елена Исинбаева кыз төрөдү

Шыргый менен секирүү боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону Елена Исинбаева 28-июнь күнү кечинде кыз төрөдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаңы төрөлгөн кыздын бою 53 сантиметр келсе, салмагы 3,82 килограммды түзгөн. 32 жашка чыкканда эне болгон Е.Исинбаева кызына азырынча ат коё элек. Ал эми кыздын атасы 23 жаштагы спортчу Никита Петинов экени белгилүү.

Кошумчалай кетсек, 2013-жылдын август айында Орусияда өткөн жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда Елена Исинбаева алтын медаль тагынган. Сүйүнүчтөн көз жашын тыя албаган спортчу ошол маалда болуп көрбөгөндөй ачык сүйлөп, “жакынкы бир жылда турмуш куруп, бала төрөйм” деген олуттуу билдирүү тараткан. Спортчунун жакында спортко кайтып келип, “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына катышуу тилеги бар экени белгилүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан