Коста-Рикага утулуп, Дүйнө чемпиондугунан четтеп калган Греция курама командасынын оюнчулары бул оюнга чейин өлкө президентине кат жолдоп, сыйлыкка тапшырылуучу акчанын кереги жок экенин жазышкан. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
“Дүйнө биринчилигине катышканыбыз үчүн бизге кошумча каражаттын кереги жок. Өлкөбүз жана элибиз үчүн ойноп жатабыз. Биздин эмгегибизди баалап, өлкөгө атайын спорттук борбор салып берүүңүздү суранабыз” деп жазылган алардын катында.
Негизи, Дүйнө чемпиондугуна чыккандан кийин ар бир мамлекеттин Футбол федерациялары курама командага акчалай сыйлык беришет. Быйыл Камерун курамасынын оюнчулары аларга каралган акчалай сыйлыктын аз экенин айтышып, эгер сыйлык 250 миң долларга чейин көтөрүлбөсө, мелдешке катышпай турган болушкан. Бийлик өкүлдөрү кредит алып, футболчуларды ыраазы кылууга мажбур болушту.