Ош. Ташкентте самбо боюнча өткөн мелдеште кыргыз спортчулары байгелүү кайтышты

24-28-июнь күндөрү Ташкентте самбо боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага Япония, Корея, Индия, Пакистан, Иран, Иордания, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттер катышты. Жалпы 17 мамлекеттен 400дөн ашуун спортчу күч сынашкан. Ал эми Ош шаарынан 9 спортчу катышып, жыйынтыгында самбонун спорттук жана уруш түрү боюнча байгелүү орундарды алышты. 62 килограмм салмакта Орозбек Автандил уулу жана 100 килограмм салмакта Максат Мусабаев 1-орунду багынтышып, "Азия чемпиону" наамына ээ болушту.

Ошондой эле Мирбек Абдыкадыров 68 килограмм салмакта 2-орунга, Алмазбек Акимбаев 82 килограмм салмакта 2-орунга, Рашит Аманкулов 100 килограмм салмакта 2-орунга ээ болушту. 

Айта кетсек, самбонун уруш түрү боюнча Кыргызстан Азия мамлекеттеринин ичинен жалпы командалык эсепте 2-орунду алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kanat8427
2014-06-30 17:42:05
Азаматсынар
0
lampard8
2014-07-01 01:37:13
Чемпион дейби? Оооооооо азаматтар чыныгы эркек экенсиңер баракелде
0
Lexus-2014
2014-07-05 17:41:23
azamat kyrgyz jigitteri myktysynar iygilik baarynarga ///
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан