Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Франция атаандашы Нигерияны акыркы мүнөттөрдө утуп кетти

Бүгүн, июнь айынын акыркы түнүндө жарым чейрек финалдык оюндардын алкагында Франция курама командасы Нигерия менен кез келди. Оюндун алгачкы бөлүгүндө эки команда тең кооптуу кырдаалдарды түзө алышты. Бирок гол жаратуу ишке аша берген жок. Франция курамасы топту көбүрөөк көзөмөлгө алды. Атаандаштары катага жол берип жатканына карабай француздардын бир катар чабуулдары ийгиликсиз аяктап жатты. Катардагы оюндардай пенальтилер сериясы тууралуу ойлор кете баштаган маалда француздар оюн эсебин ачышты. Матье Вальбуэнанын бурчтан чыгарып берген тобун дарбазачы чала тосуп калды. Кымкуттуктан пайдаланган Погба ачык калган дарбазага топту башы менен таамай багыттады. Экинчи гол да бурчтан чыгарууда жаратылды. Ошол эле Вальбуэнанын жакын аралыкка кирип, ортого тоголоткон тобун коргоочу менен дарбазачы бири-бирин түшүнбөй дарбазага багыттап алышты. Албетте, бул жерде Антуан Гризманндын аларга кылган басымы да өз таасирин тийгизди.

ФРАНЦИЯ - НИГЕРИЯ – 2:0

Голдор: Погба (79-мүнөттө), Йобо (90-мүнөттө, өз дарбазасына).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bolo2
2014-07-01 01:37:02
Достор айткылачы ким чемпион болот? Себеби биз кутпогон оюндар болуп жатат, европалыктар коп баш которо албай жатат, америка континетинин командалары кату чыгып жатат. Менин оюмча финалда Европа-Туштук Америка дал келет:-)
0
Bolo2
2014-07-01 01:39:53
(*_-)
0
jigit.85
2014-07-01 06:58:51
Менин оюмча Голандия чемпион болот ишенип койгула:)
0
NURSU1993
2014-07-01 08:59:33
айланайын алтындарым ишенип койгула кудай буйруса германия онолот. ошону менен бирге эле чемпион болот....:-D
0
vbrb
2014-07-01 09:30:33
германия чемпион болот
0
ayakosya
2014-07-01 11:51:42
Бразилия чемпион болот кудай буюрса...
0
NurbekKG
2014-07-01 12:09:19
Нидерланды чемпион болот ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан