Уругвай курама командасынын чабуулчусу, жакында италиялык коргоочу Жоржо Кьеллинини оюн учурунда тиштеп алган Луис Суарес бул кылыгы үчүн атаандашынан кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
“Жоржо Кьеллини бул кырдаалда катуу жабыр тартты. Мен мындай ишке барганыма абдан өкүнөм. Кьеллиниден жана футбол коомчулугунан кечирим сурайм. Ишендиргим келет, мындай нерсе кийин кайталанбайт”,- деп жазган футболчу өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына.