Беттешке чейин футбол сүйүүчүлөрү бир ооздон Германиянын оңой утарын, атүгүл бир катар голдорду киргизерин айтышкан. Бирок анда беттештин мынчалык чыңалышкан деңгээлде болорун жана Германия жеңишке туура 120 мүнөт короторун эч ким айта алмак эмес. Германиянын футболчулары атаандашынын дарбазасына бир катар таамай соккуларды узатышты. Дарбазачы 92-мүнөт болгонго чейин эч бир гол өткөргөн жок. Алжирликтер кези келгенде Германиянын коргонуусун жарып кирип, дарбазага сокку узатып жатышты. Эң негизгиси, бул команда тайпадан татыктуу чыкканын коомчулукка көргөзө алды.
Эми Германиянын чейрек финалдагы атаандашы Франция курамасы болот. Командалар 4-июлда беттешет.
ГЕРМАНИЯ - АЛЖИР – 2:1
Голдор: Шюррле (92-мүнөттө), Өзил (119-мүнөттө), Жабу (120-мүнөттө).