Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Аргентина өзүнө тең күчтөгү Швейцарияга каршы беттеш өткөрөт

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугуна катышып баштаган 32 команданын 10у гана калып, калган командалар үйлөрүнө кетишти. Бүгүн түнү дагы 2 команда мелдештен четтейт да, чейрек финалдык оюндарга кезек келет. Чейрек финалдык 2 жолдомо үчүн 4 команда өз ара беттешишет. Командалардын деңгээлинде чоң айырмачылык жок. Андыктан жеңиш ээсин мөөнөтүнөн мурда аныктоого шашпай туралы да, жеке артыкчылыктарына токтолуп өтөлү.

АРГЕНТИНА – ШВЕЙЦАРИЯ

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты менен)

Стадион: Сан-Паулу шаары, “Арена Коринтианс” стадиону  

Калыс: Юнас Эрикссон (Швеция)

Аргентина тууралуу: Аргентина күйөрмандарынын ишенимин толук актай элек. Бул баскычка команданы Лионель Месси гана алып келди. Анткени ал курама киргизген голдун баарын өз эсебине жазып келүүдө. Анхель ди Мария, Серхио Агуэро жана Гонсало Игуаин эл күткөн оюнду дагы да болсо көрсөтө элек. Аргентинанын майдандын борбордук бөлүгүндө топко көзөмөл кыла албай жатканы өз дарбазасына кирген голдордун себеби болууда.

Швейцария тууралуу: Азыркы мелдеште өзүнө жетиштүү ишенбеген командалар коргонууга тизилип алып, каршы чабуул уюштурууда. Швейцария алардан айырмаланып, чабуул жасаганга шашкан команда. Франция курамасынан чочулабай ачык футбол ойногон швейцариялыктар ал беттеште өз сабагын алып, 5:2 эсебинде утулушту. Эгерде дал ошондой күчтүү сапатын көргөзсө, команданын Аргентинаны утуп чыкканга мүмкүнчүлүгү бар.

БЕЛЬГИЯ – АКШ  

Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты менен)

Стадион: Салвадор шаары, “Фонте-Нова” стадиону  

Калыс: Жамель Хаймуди (Алжир)

Бельгия тууралуу: Жаштардан турган Бельгия тайпадан ишенимдүү чыкты. Жаш команданын оюну көптөрдүн купулуна толуп жатат. АКШнын алдында команданын артыкчылыктары көп. Мисалы, Бельгия учурда жогорку ылдамдыкта оюн алып барып жатат. Оюнчулар болсо 90 мүнөт бою чарчап-чаалыгуу тууралуу билишпейт. 

АКШ тууралуу: АКШ тайпалык баскычта Германия жана Португалия курамасына каршы оюнда өзүн мыкты көргөзө алды. Бул команда мыкты каршы чабуулуна жана беттеш тагдырын жалгыз чече турган Клинт Демпси, Жермейн Жонс сыяктуу оюнчуларга ишенет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
GUMU
2014-07-01 16:45:12
оле оле олееее Аргентина перееееед!!!
0
Tentek1
2014-07-01 18:27:53
Мен Швейцарияга Анан Белгияны колдойм
0
jigit.paren
2014-07-01 20:31:58
Месси баштаган команда давай алгааааааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан