Бразилия-2014: Пенальтилер сериясына 2 мүнөт калганда Аргентина Швейцарияга жеңиш голун киргизди

Гол: Анхель ди Мария (118-мүнөттө)

Аргентина курама командасы ушуну менен экинчи ирет атаандаштардын акыркы мүнөттөрдөгү катасынан пайдаланып жеңиш голун киргизип жатат. Буга чейин тайпада Ирандын дарбазасына да дал ушундайча гол киргизген аргентиналыктар тайпадан чыгууну камсыздашкан. Бул жолу атаандаштардын маанилүү бир катасы 118-мүнөттө пенальтилер сериясына 2 мүнөт калганда катталып, Аргентина чейрек финалга жолдомо алды. Оюндагы жалгыз голду жарым коргоочу өз ысымына жаздырды.

Оюн тууралуу айтсак, эки командада тең бири-биринин оюнуна түшүп берүү ниетинин жоктугунан улам кызуу өттү. Аргентина оюндун алгачкы мүнөттөрүндө топко көбүрөөк көзөмөл жүргүздү. Андан тышкары оюн швейцариялыктардын мыкты чабуулдары, жаза баскан мүмкүнчүлүктөрү жана коргонууда кетирген олуттуу каталары менен эсте калды. Албетте, мындай кырдаалдарда аргентиналыктар атаандаштын бир топ шаштысын алып жатты.

Эми Аргентинанын чейрек финалдагы атаандашы Бельгия менен АКШ курамаларынын жеңип чыкканы болмокчу. 

Бразилия-2014: Аргентина-Швейцария
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mukan89
2014-07-02 10:40:23
Emnege Argentinaga kuiormandar jok?Men Argentina menenmin.Kim men menen?
0
advert
2014-07-02 10:42:59
эмнеге жок, бар Аргентинага.
0
jigit.paren
2014-07-02 11:43:41
эмнеге жок мен 2010 да Аргентинага куйормандык кылгам Месси учун, быйыл да куйормандык кылууамын, тундо утулуп калбаса экен деп сарсанаа болуп отуруп Ди мариянын голунан кийин эс алдым, Аргентина алгаааааа!
0
ayakosya
2014-07-02 13:47:48
Ди Мария класавчик
0
joodar.kg
2014-07-02 14:42:07
Голландия чемпион!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан