Бразилия-2014: Бельгия америкалыктарды кошумча убакытта утуп, чейрек финалга чыкты

БЕЛЬГИЯ - АКШ - 2:1

Голдор: де Брюйне (93-мүнөттө), Лукаку (105-мүнөттө), Грин (107-мүнөттө).

Жарым чейрек финалдык оюндар толугу менен жыйынтыкталды. Акыркы болуп чейрек финалга Бельгия курамасы чыкты. Бельгиялыктар атаандашы АКШны утуп, чейрек финалда Аргентина менен кездешмей болду. Бул оюн 5-июлда орун алат.

Бельгия менен АКШнын беттеши ага чейин болгон Швейцария менен Аргентинанын беттешин эске салды. Бельгиялыктар оюндун негизги убактыларында активдүү ойноп, дарбазага көп топ багытташты. Бирок гол киргизе алышкан жок. Ал эми АКШ майданда көбүнчө коргонууда ойноп, каршы чабуулга мүмкүнчүлүк издеп жатышты. Ал эми Бельгиянын алгачкы голу киргенде эки команда коргонууларын “таштандыга ыргытып”, ачык футбол ойноого өтөрү күтүлгөн, бирок андай болгон жок. Бельгия экинчи голун да киргизди. Ал эми АКШ жалгыз голу менен чектелди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jigit.paren
2014-07-02 11:38:51
карасан тан калычтуу чейрек финалга жалан оз тайпаларында биринчи орунду алган 8 команда чейрек финалга чыгышты, бир да экинчи орунду алган команда жок, менимче эми жарым финалга Бразилия, Аргентина, Германия, Голландия чыгат.
0
vbrb
2014-07-03 09:55:11
германия чемпион!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан