Бишкектеги "Ош базарынан" уурулук кылды" деген шек менен 17 жаштагы 2 кыз кармалды

Бишкекте "Ош базарынан" уурулукка барган" деген шек менен 17 жаштагы 2 кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июлда кабарлады.

Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын 1981-жылы туулган тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, "Ош базарындагы" соода жайынан белгисиз жарандар мүлкүн уурдап кетишкендиктерин кабарлаган.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Айзада жана Айдана аттуу 17 жаштагы кыздар кармалышкан. Учурда иликтөө иштери уланууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nargizka.kg
2014-07-03 11:23:34
Ой шумдугун кургууур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан