Жайкы трансферлер-2014: Адам Лаллана “Ливерпулдун” оюнчусуна айланды

Жакында “Ливерпулдун” курамына өткөн Адам Лаллана акыркы сезондо өзү ойногон “Саутгемптондун” күйөрмандары менен коштошуу сөзүн жайгаштыруу үчүн белгилүү басылманын бир бетин толугу менен сатып алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, басылманын бир бетин сатып алган футболчу күйөрмандарга төмөнкүчө ыраазычылык билдирди: “14 жыл бою ушул клубдун курамында болдум. Менин эсимде түбөлүк кала турган бул жылдар үчүн терең ыраазычылык билдирем”.

Кошумчалай кетсек, футболчу “Ливерпуль” менен канча жылдык келишимге кол койгону тууралуу так маалымат жок. Ал эми трансфердин суммасы 31 миллион еврону түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан