Таласта төө буурчак уурдап 5 адамдан турган кылмыштуу топ колго түштү

Талас облусунда төө буурчак уурдоо фактысы менен кылмыштуу топ колго түштү. 16-январда Талас облусунун Ынтымак айылында таңкы саат 05:00 чамасында бул уюшкан кылмыштуу топ жеке үйдүн короосунан 1 тонна төө буурчак уурдап чыгышкан. Окуя боюнча жабырлануучулар милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылышканда Бакай-Ата райондук ИИБинен ыкчам топ түзүлүп, кылмышкерлердин изи сууй элегинде жакынкы айылдан табышты. Алардын Талас шаарында жашаган 1992-жылы туулган Б. у. Ч. жана А. у. Б., Талас районунун жашоочусу 1991-жылы туулган Э. у. М., ошондой эле Бишкек шаарынын Ак-Өргөө жаңы конушунун тургуну 1991-жылы туулган М. у. Ж. аттуу жарандар экендиги белгилүү боду. Учурда бул кылмыштуу топ Бакай-Атадагы 6 уурулук ишине тиешелүү деп шектелүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан