Тогуз коргоол боюнча Кыргызстан курамасынын өкүлдөрү 24-28-июнь аралыгында Монголияда өткөн эл аралык мелдеште 3 медаль тагынып кайтышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Орусия, Кытай жана үй ээлери Монголия катышкан. Кыргызстандын желеги астында чоңдор, жаштар жана өспүрүмдөр категориялары боюнча 5 спортчу аттанган.
Швейцариялык систем боюнча 5 турдан турган оюндардын жыйынтыгында чоңдор арасында Адилет Деңизбек кызы коло медаль тагынса, жаштар арасында Кубаныч Ибраимов менен Айтурган Максатбек кызы коло медаль ээлери болушкан.