Убакыт өтүп жатат. Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 20 күндү артка калтырып, финалды көздөй жөнөп барат. Бул убакыт ичинде эмнелер гана болгон жок. Испания, Италия, Англиянын мелдештен четтеши... Сураестин атаандашын тиштегени үчүн үйүнө айдалганы...
Ошол эле учурда Коста-Рика менен Колумбия чейрек финалга чыкты. Биз Колумбияга токтолобуз. Тагыраак айтканда, Колумбияны ушул баскычка “сүйрөп” келген Хамес Родригес тууралуу сөз болот. Х.Родригес 5 гол киргизип, “Лионель Месси менен Неймардын кимиси башкы бомбардир болот?” деген суроого жооп издегендерди чочуткандай болду. Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалга чейинки баскычынын мыкты бомбардири Хамес Родригестин ойлору менен таанышып коюңуз.
Хамес Родригес
Клубу: “Монако” (Франция)
Лакап аты: Бам-Бам, Бандит
Туулган жылы, күнү: 1991-жыл, 12-июль
Бою: 178 сантиметр
Үй-бүлөлүү. 1 жаштагы Саломея аттуу кызы бар
Хамес Родригес Дүйнө чемпиондугу тууралуу: “Биз өтө бактылуубуз. Анткени биз тарыхка калчу иш кылып жатабыз. Мен кичинемде Дүйнө чемпиондугунда ойноону кыялданчумун. Мен ойлойм, биз мындан ары да сапарыбызды улайбыз. Колумбия эли биз менен!”
Кумири Криштиану Роналду тууралуу: “Криштиану Роналду - менин кумирим. Анын деңгээлине жетиш үчүн көп нерсени үйрөнүп, күн сайын өнүгүп турушум керек”.
Кезектеги атаандашы Бразилия тууралуу: “Чейрек финалда Бразилия менен ойнойбуз. Бул команданы сүрөттөп отуруунун кажети жок. Бирок мен эч кандай толкундануу сезимине, коркуу сезимине туш боло элекмин. Биздин команда утулуудан коркпойт. Андыктан бразилиялыктар бизден коркушу керек. Чабуул уюштурганды жактырган 2 команданын оюну сөзсүз кызыктуу болот деп ойлойм”.
Лионель Месси тууралуу: “Месси - футболдогу ажыдаар. Мен Мессинин айрым артыкчылыктарын өздөштүргөнгө аракет кылам. Бирок Месси менен чектелбейм. Мен карап, түздөнчү футболчулар көп”.
Колумбия курамасы тууралуу: “Командадагы бардык оюнчулардын ролу бирдей. Мыкты ойногон Куадрадо сыяктуу футболчулар да бар. Жакшы оюнчулар менен чогуу ойногон жеңилирээк. Биз баарыбыз биргеликте алдыны көздөй жылып баратабыз”.
Европалык ири командада ойноо планы тууралуу: "Мен азыр “Монаконун” оюнчусумун. Мадриддик “Реал” менен каталондук “Барселонанын” мага кызыгып жатканын уктум. Менде мүмкүнчүлүк болсо, “Реалдын” сунушун кабыл алмакмын".