Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4-июлга карата берген маалыматына ылайык, республиканын аймагындагы КРнын ӨКМнын Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон: сууга чөгүп кеткен адамды издөө - 2, эшик ачуу - 1 жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү - 1.
Маалым болгондой, Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Сосновка айылында 3-июль күнү саат 20:00 чамасында 2010-жылы туулган Рахима Русланова Быстроток каналына түшүп кеткен. Издөө иштерин Атайын адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүштү. Издөө иштери бүгүн, 4-июлда улантылат.