Ысык-Көлдө 73 жашоочуну алдап кеткен насыя берүүчү компаниянын эксперти изделүүдө

Жети-Өгүз райондук ички иштер башкармалыгына аталган райондун 33 жаштагы жашоочусу К.Махабат кайрылган. Ал 2013-жылдын октябрь айында насыя берүүчү «Компаньон» компаниясынын эксперти А.Аделя алдамчылык жол менен 5 адамдан турган кредиттик топ түзгөнүн жана алардын атынан 150 миң сом өлчөмүндө насыя алганын айткан. 
Ошондой эле акча каражатын топтун мүчөлөрүнө бөлүп бербестен, өздүк эсебине өткөрүп, 2014-жылдын июнь айында жашыруун башка жакка кетип калганын маалымдаган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө компаниянын эксперти делген жаран Жети-Өгүз районунун 73 жашоочусун алдап кеткени белгилүү болгон. Азыркы тапта аталган кылмышка шектүү адамды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 4-июлда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан