Бразилия-2014: Бүгүн Франция менен Германия жарым финалдык жолдомону талашат

Бүгүн, 4-июль түнү Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин чейрек финалында 2 оюн болот. Бул күнү күйөрмандар Германия жана Франция сыяктуу командалардын бири менен коштошот. Андан тышкары Латын Америкасынын бир өкүлү чемпиондук мелдештен чыгып калары күтүлүүдө. 

Жарым финалга тете оюндар тууралуу маалыматтар менен таанышып алыңыз.  

Оюндар:

ФРАНЦИЯ – ГЕРМАНИЯ

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)  

Стадион: Рио-де-Жанейро, “Маракана” стадиону

Калыс: Нестор Питана (Аргентина)

Германия менен Франция мелдеште эң көп гол киргизген командалардын катарына кирет. Франциянын эсебинде 4 оюнда 10 гол болсо, германиялыктар 4 оюнда 9 гол жаратышкан. Эки команда тең мыкты оюнчуларга жана чабуулга багытталган иреттүү оюнга ээ. Азырынча бул экөөнүн кайсы бирин күчтүү деп айтууга болбойт. Жеңиш ээси атаандаштын катасынан мыкты пайдаланган команда болот.

БРАЗИЛИЯ – КОЛУМБИЯ

Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Форталеза шаары, “Кастелан” стадиону  

Калыс: Карлос Веласко Карбальо (Испания)

Айрым адистер Бразилиянын 4 оюндан бери жеңилчү күнүн күтүп келишет. Тайпада Мексикага утулат дешти эле, ал оюн тең чыгуу менен аяктады. Жарым чейрек финалда Чили менен тең ойноп, бразилиялыктар жеңишти пенальтилер сериясында камсыздашкан. Ал эми мелдеште 11 гол киргизген Колумбия буга чейин өткөргөн 4 оюнунда тең жеңиш ээси болуп келет. Болгондо да колумбиялыктар кошумча убакытка жеткирбей оюн тагдырын чечип жатышат. Андыктан командалар 90 мүнөт ичинде жеңиш ээсин аныкташы мүмкүн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан