Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалында Германияга утулуп, мелдештен четтеп калган Алжир курамасын эл шаан-шөкөт менен тосуп алды. Оюнчуларды аэропорттон эл сүрөөн алдында күтүп алган. Андан ары футболчулар атайын автобуска отуруп, Алжир шаарын (борбор калаасы) кыдырып чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Кошумчалай кетсек, Алжир курамасы Бельгия, Орусия, Түштүк Корея менен бир тайпада болгон. Алар тайпадан экинчи орунду ээлеп чыгып, жарым чейрек финалда Германияга туш болушкан. Бул оюн 120 мүнөткө созулуп, натыйжада 2:1 эсебинде германиялыктар жеңип кеткен. Өзүнүн командалык духун көрсөтө алган Алжир мелдештен ушундайча четтеген.