Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 4-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.
Анда КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине киргизилген түзөтүүлөрдө жол коопсуздугу эрежелерине жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого байланыштуу жасалган администрациялык укук бузуу үчүн айып өлчөмдөрү көбөйтүлгөн. Тактап айтканда, транспорт каражатын мас абалында башкаргандыгы үчүн эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө айып, эгерде бул авариялык жагдайды жаратса, үч жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө айып белгиленет. Азыркы мыйзамда аталган тартип бузуулар үчүн 15 жана 20 эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө айып каралган.
Белгиленген кыймыл ылдамдыгынан ашкандыгы, ири габариттүү, коркунучтуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы, автобус айдоочуларынын адамдарды, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы, жол чырактын тыюу салынган белгисине карабай өтүп кеткендиги, жол белгилеринин талаптарын сактабагандыгы, ашып кетүү жана маневр жасоо эрежелерин бузгандыгы үчүн, жол-транспорттук окуяга байланыштуу милдеттерин аткарбай койгондугу жана башкалар үчүн айыптардын өлчөмү көбөйтүлөт.
Ички иштер органдарынын жол кыймылы коопсуздугунун бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында кодекс 2341 берене менен толукталган. Анда ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата транспорт каражатын мыйзамсыз токтоткондугу үчүн администрациялык жоопкерчилик каралган.
Кодекстин 553 беренесине киргизилген өзгөртүүлөр фото жана видеожазуу функциялары (видеокамералар, видеокаттоолор, уюлдук түзүлүштөрдүн жана шаймандардын видеокамералары) бар техникалык каражаттар менен тартылган маалыматтар далил катары пайдаланыларын белгилейт.
Мыйзамда “Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына дагы түзөтүүлөр киргизилет. Ага ылайык, катталган автотранспорттук каражаттардын электрондук маалымат базасынын укуктук режими, ушул базадан маалыматтарды алууда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү белгиленет. Айдоого үйрөткөн уюмдарга карата талаптар белгиленет, транспорттук каражаттарды башкарууга күбөлүк алуу үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө милдеттендирет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар тарабынан администрациялык жазалар салынган маалыматтардын электрондук базаларын жүргүзүүгө милдеттендирген 1-берененин 39-пункту ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.