Бразилия-2014: Германия менен Франциянын башкы машыктыруучулары оюн тууралуу ой бөлүшүштү

Бүгүн, 4-июль түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык оюндарынын алкагында Германия менен Франция беттешет. Көпчүлүктүн пикири боюнча, финалга тете оюн күтүлүп жатат. Бул оюн боюнча машыктыруучулардын ой бөлүшкөнүн бүгүн, 4-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Андан тышкары Германия курама командасынын 7 оюнчусу тумоолоп калганы тууралуу маалымат жарык көрдү. Башкы машыктыруучу Йоахим Лёв билдиргендей, оюнчулардын үчтөн бир бөлүгү ооруп жатат. Буга аба ырайындагы өзгөрүүлөр жана абаны салкындатуучу техниканын (кондиционер) таасири тийип жатканын айтат башкы машыктыруучу. Лёв мунун баарын ачык айтканы менен, оюнчулардын атын атоодон баш тартты. Ошондой эле Францияга каршы оюн тууралуу жөндүү пикирин билдирген эмес.

Йоахим Лёв, Германиянын башкы машыктыруучусу: “Биз оюнга даярбыз. Азырынча башкы курамга чыга турган оюнчуларды беките элекмин. Футболчулардын ооруп калганын айтып, кырдаалды драмага айланткым келбейт. Баарын оюн маалында көрөбүз”.   

Дидье Дешам, Франциянын башкы машыктыруучусу: “Германия буга чейин мыкты командалар менен ойноду. Бул команда күчтүү оюнчулар менен толукталган команда. Андан тышкары акыркы ири мелдештерде немистер жарым финал, финалдарга чейин жетип жүрөт. Аларда мол тажрыйба бар. Биз оюнубузду ойноо үчүн чыгабыз”.  

Уго Льорис, Франциянын капитаны: "Германиянын оюну ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. "Немис машинасы" көпчүлүк учурда атаандашын өзүнүн оюнуна тартып, өзүнүн ылайыгына карата ойноого мажбур кылат. Биз адаттагыдай жеңиш үчүн майданга чыгып, кийинки баскычка чыгуу аракетин көрөбүз". 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sema.
2014-07-04 18:27:51
frantsia alga ytasynar.
0
RukaPashnik
2014-07-04 18:43:01
Германия алга
0
doni89
2014-07-04 18:59:58
Германия женет деген умутомуникорсунор опуганына карабай ойношот бюрса ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан