Америкада “Артур” бороонунан улам ылдамдыгы саатына 160 чакырымды түзгөн катуу шамал орун алууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлашууда.
Маалыматтарга ылайык, ар кандай кыйроолор менен коштолуп жаткан “Артур” бороону АКШнын чыгыш бөлүгүнө келип жетти. Учурда Түндүк Каролина штатында калкты башка аймакка көчүрүү жарыяланды.
Белгилүү болгондой, бороондон улам шамалдын ылдамдыгы саатына 160 чакырымды түзүп жаткандыгы айтылууда. Буга катар эле нөшөрлөгөн катуу жамгыр жаап, айрым аймактарды суу каптап баштаган.
Бүгүнкү АКШнын Эгемендүүлүк күнүнө карата болжолдонгон бир катар иш-чаралар бул бороондун айынан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экендиги айтылууда.